Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

АКШ Украинанын чыгышындагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди


Старогнатовканын жанындагы украин аскерлери, 10-август, 2015-жыл

Старогнатовканын жанындагы украин аскерлери, 10-август, 2015-жыл

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинанын чыгышындагы абалдын тез чыңалып кеткендигине байланыштуу терең тынчсызданууда. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жон Керби билдирди. Анын айтымында, өзгөчө украин бийликтеринин көзөмөлүндөгү Старогнатовка айылынын оор артиллериядан аткыланып жатышы бейпайга салууда.

Кербинин айтышынча, украин тарап жикчилдер дүйшөмбү күнү 127 жолу аткылаганын билдирген. Бул февраль айындагы Дебальцеводо болгон чабуулдан берки эң көп аткылоо.

“Орусия жана алар колдоп келе жаткан жикчилдер бир эле учурда тынчтык тууралуу сүйлөп, бирок кайра согуша албайт. Эгер алар тынчтыкты кааласа, анда Минскте жетишилген ок атышпоо режимин толугу менен сакташы керек” деп кошумчалады Жон Керби. Ал Донецкте өткөн жуманын акырында ЕККУнун унааларынын өрттөлүшүнө да тынчсыздануусун билдирди.

10-августка караган түнү жикчилдер бир канча брондуу техниканын жардамы менен Старогнатовкадагы украин аскерлеринин турумуна чабуул койгон. Бирок өкмөттүк аскерлер жооп кайтарып, жикчилдер жоготуу менен артка чегинген. Украин аскерлери аткылоого дүйшөмбү күнү да кабылышканы кабарланды.

Ошол эле кезде жикчилдер чабуулга алар эмес, тескерисинче, өкмөттүк аскерлер өткөнүн билдирүүдө. (ZB)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG