Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Ирандын тышкы иштер министри Түркияга сапарын токтотту


Мухаммад Жавад Зариф
Мухаммад Жавад Зариф

Түркиянын тышкы мекемесинин айтымында, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Түркияга пландалган иш сапарын токтотту.

Министрлик 11-августта билдиргендей, Зарифтин келбей калышына иш сапарынын тартиби себеп болгон. Бирок мындан башка кошумча маалымат берилген жок.

Ошол эле кезде айрым түрк маалымат каражаттары Зарифтин сапарын Түркиядагы “Жумхурият” оппозициялык басылмасына чыккан макаласынан улам токтотушту деп жазып чыгышты. 11-августта чыккан макалада Зариф АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясатын сынга алган.

Түркия менен АКШ НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөр жана Сирия маселесинде да чогуу кызматташууну макулдашкан. Өткөн айда Түркия Сириядагы жана Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна сокку уруу үчүн коалициялык күчтөргө жана АКШга өлкө түштүгүндөгү Инжирлик аба майданын колдонууга берген.

Ал эми Түркия менен Иран Сирия маселесинде карама-каршы пикирди карманып келишет. Анкара Сирия президентинин ачык каршылашы болсо, Тегеран анын саналуу союздаштарынын бири.

XS
SM
MD
LG