Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Ирактын парламенти антикоррупциялык реформалар топтомун бир добуштан колдоду


Премьер-министр Хайдар аль-Абадинин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча реформаларын колдогон адамдар. Ирак, 10-август, 2015-жыл

Премьер-министр Хайдар аль-Абадинин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча реформаларын колдогон адамдар. Ирак, 10-август, 2015-жыл

11-августта Ирактын парламенти премьер-министр Хайдар аль-Абадинин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча реформалар топтомун бир добуштан колдоп беришти. Бүгүн болгон добуш берүү мамлекеттик телеканалдын түз эфиринен да көрсөтүлдү.

Хайдар аль-Абади корупциянын деңгээлин азайтууну жана акчаны сарамжалдуу пайдаланууну сунуштады. Бул Иракта коррупцияга жана бийликтердин ишине нааразылыктар күчөп турган учурда жасалды.

Сунушталган реформалар топтомуна ылайык, бир катар мамлекеттик көрүнүктүү кызматтар жоюлат, мамлекеттик кызматтарды диний жана партиялык принциптер боюнча бөлүштүрүү токтотулат жана коррупциялык иликтөөлөрдү жүргүзүү калыбына келтирилет.

10-августта Ирактын үч вице-премьеринин бири кызматынан кетти. Энергетика боюнча вице-премьер-министри Баги аль-Араджинин кызматтан кетүүсү Абадинин корупцияга каршы күрөштү өз өкмөтүнөн баштап жатканынын белгиси катары каралууда. Анын коррупциялык иштери иликтенип жатканы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG