Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Жапония: Фукусима апаатынан бери биринчи реактор ишке кирди


"Сендай" АЭСи. 11-август, 2015-жыл
"Сендай" АЭСи. 11-август, 2015-жыл

Жапонияда 2011-жылы Фукусима атом электр станциясындагы авариядан кийин токтотулган Кюсю аралындагы атом электр станциясы кайта ишке кирди.

Токиодон 997 чакырым алыстагы "Сэндай" АЭСин башкарган Kyushu Electric Power коммуналдык компаниясы атом реакторун 11-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да от алдырганын кабарлады.

Компаниянын маалыматына карганда, 31 жылдан бери иштеп жаткан реактор Фукусима АЭСиндеги аварияны эске алып, катаал коопсуздук шартында ишке киргизилген жана 14-августка карай реактор толук кубатында иштеп баштайт.

2011-жылы күчтүү жер титирөөдөн кийин пайда болгон цунами "Фукусима Дайичи" АЭСиндеги муздатуу системасына зыян келтирип, станциядагы бир нече реакторду эритип, жарылуу болгон. Жапондордун арасында АЭСке карата нааразылык али да күчтүү. "Сэндай" АЭСин ишке киргизүүгө каршы 200дөй адам нааразылык билдирип чыгышты. Бирок ага карабай Жапониянын коммуналдык компаниялары дагы 23 атом реакторун кайра ишке кошуу өтүнүчүн билдирген. (ZB)

XS
SM
MD
LG