Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Евразия экономикалык комиссиясынын төрайымы Бишкекке келди


Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валоваяны Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кабыл алды. Жолугушууга вице-премьер-министр Валерий Диль, экономика министри Олег Панкратов, Евразия экокономикалык комиссиясынын Кыргызстан тараптан мүчөсү Данил Ибраев жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолугушууда Кыргызстандын ЕАЭБга кошулуу жараяны жана мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев биримдиктин курамына биротоло турукташуу үчүн алдыда дагы бир катар иштер турганын белгилеп, бул жаатта Кыргызстан биримдикке мүчө өлкөлөр жана Евразия экономикалык комиссиясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Татьяна Валовая 12-августтан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болорун кабарлады. Ошондой эле ал мындан ары Кыргызстан үчүн биримдиктин ичинде жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын кошумчалады. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG