Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Дагестандын Унцукул районундагы орусиялык күч түзүмдөрдүн атайын операциясында «Кавказ эмирлиги» радикал тобунун лидери Магомед Сулейманов өлтүрүлдү. Орусиянын улуттук антитеррордук комитетинин 11-августта билдиргенине караганда, жок кылынган төрт согушкердин бири Сулейманов болгон.

Согушкерлердин Kavkazcenter.com сайты да Сулеймановдун өлгөнүн тастыктап, ал “шейит болду” деп кабарлады. “Кавказ эмирлиги” тобунун мурдагы жол башчысы Алиасхаб Кебековду орусиялык атайын кызматтар быйыл апрелде жок кылгандан кийин Магомед Сулейманов уюмдун лидери деп жарыяланган. Кебеков болсо топту 2014-жылдын мартында “Кавказ эмирлигинин” негиздөөчүсү Доку Умаровду Орусиянын күч кызматтары жок кылгандан кийин жетектеп калган.

1990-жылдардагы жана 2000-жылдардагы чечен согуштарынан кийин ислам радикалдары Түндүк Кавказдын башка республикаларына – Кабардин-Балкарияга, Дагестанга жана Ингушетияга өтүп кетишкен. 2007-жылы Доку Умаров бул аймакты “Кавказ эмирлиги” деп жарыялаган. (ZB)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG