Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Сулайманов: ЕАЭБ товар өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачууда


Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр продукциясын бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына эркин ташып өтө алат. Болгону, товарын алып барып саткан жерге фитосанитардык коопсуздук боюнча документин көрсөтүшү керек болот деп билдирди ЕАЭБге киргенден кийинки жеңилдиктер тууралуу айтып жатып бүгүн "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов.

Ал эми реэкспорт кылынган товардан, Сулаймановдун белгилешинче, үчүнчү өлкө менен чектеш аймактан бирдиктүү бажы тарифи боюнча төлөм алынгандан кийин ал товарды уюмдун аймагынан эч тоскоолдуксуз алып өтүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде бажы көзөмөлү алынат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG