Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09
Кыргыз-казак чек арасы ачылды. "Ак-Жол" чек ара бекети
Кыргыз-казак чек арасы ачылды. "Ак-Жол" чек ара бекети

Бүгүн кыргыз-казак чек арасы ачылды

Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирүүсүнө байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы сегиз бажы бекети алынат.

Бажы бекеттеринин алынуусуна Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Казакстан тараптан 1-вице премьер-министр Бакытжан Сагинтаев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валовая жеринен күбө болушту. Булардан тышкары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери, миграция уюмдарынын жана эки өлкөнүн ишкер коомчулугунан өкүлдөр катышты.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бажы бекеттери алынгандан тарта, Кыргызстан ЕАЭБнин шарттары менен жашай баштайт. Ага ылайык, кыргызстандыктар биримдиктин алкагында эркин иштөө, жүрүү укугуна ээ болуп, өндүргөн товарларын сата алышат.

14:59 12.8.2015

14:41 12.8.2015
Кыргыз-казак чек арасында бажы тосмолору алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

14:22 12.8.2015

13:43 12.8.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG