Ушул мүнөттөн тарта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы көзөмөлү жоюлду. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекетинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтүп, бажы тосмолору символикалык түрдө алынып салынды.
Салтанатка кыргыз премьер-министри Темир Сариев жана казак өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, ал эми телекөпүрө аркылуу Чолпон-Ата шаарынан эки президент Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев катышты. (RK)