Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Казакстандан туристтерди көбүрөөк тартуу аракети көрүлөт


Казакстандан Кыргызстанга, айрыкчы Ысык-Көлгө туристтерди көбүрөөк тартууга шарт түзүлөт. Бул үчүн Алматыдан унаа каттам эки эсе кыскартыларын бүгүн кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлүн жоюуга арналган иш-чарада сүйлөп жатып президенттер Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев билдиришти. Жаңы курула турган жолдун узундугу 240 чакырым болот. Азыр Алматыдан көлгө чейинки унаа жол 480 чыкырым.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп кирүүсүнө байланыштуу "Ак-Жол" бекетинде уюштурулган расмий иш-чарага телекөпүрө аркылуу катышуудан тышкары бүгүн эки президент Чолпон-Атада жолугушуу өткөрүп, саясий-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. (RK)

XS
SM
MD
LG