Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Ирандын тышкы иштер министри Сирияга келди


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Дамаск шаарына келди. Анын иш сапар учурунда Сириядагы жарандык согушту тынчтык жолу менен чечүү боюнча Тегерандын жаңы планын президент Башар Асад менен талкуулоосу күтүлүүдө.

Сириянын президенти Башар Асадды калкалап келген Тегеран Сирия кризисин чечүүдө өзүн негизги оюнчу катары сунуштаган. Ага чейин Тегеран ядролук курал боюнча Батыш өлкөлөрү менен келишим түзгөн.

Европа жана араб өлкөлөрү 2011-жылдан бери 250 миң адамдын өмүрүн алган Сириядагы кыргынды токтотуу үчүн Асад кызматынан кетүүсүн талап кылып келатышат.

Сириядагы жарандык согушту тынчтык жолу менен чечүү боюнча жаңы планын Тегеран БУУга сунуштайт. Ирандын тышкы иштер министрлиги бул план «өз келечегин өзү аныктоо үчүн сириялыктардын мыйзамдуу укугун сыйлоо» принцибине ылайыкталып жазылганын кабарлоодо. Тынчтык пландын калган деталдары Зарифтин Сириядагы сапары аяктагандан кийин белгилүү болот. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG