Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Манас баатырдын бирдиктүү образы боюнча сынак өткөрүү сунушталды


Белгилүү сүрөтчү Адылбек Байтереков Манас баатырдын бирдиктүү образын калыптандыруу үчүн чыгармачыл сынак жарыялоону сунуштап жатат. Бул тууралуу сүрөтчүнүн өлкө жетекчилигине жана коомчулукка жолдогон кайрылуусунда айтылат.

"Улуу эпосубуздун оозеки варианттары ар башка болгон сыяктуу эле сүрөтчү, скульпторлор Манастын бейнесин түрдүүчө чагылдырып келе жатканы өкүндүрөт! Арийне, «Манас» эпосу оозеки түрүндө канча вариантта айтылып келгенинде кине жок, ал эми баатырдын эпикалык мүнөзү жалпы кыргызстандыктардын жана ар бир Манас урпагынын элесинде бирдиктүү образ катары калыпка түшүүгө тийиш деп ойлойм. Андыктан жалпы элдик демилге жана колдоо көрсөтүп, Манас атабыздын элестүү образын чагылдыруу максатында сүрөтчүлөр жана скульпторлор үчүн конкурс жарыялоону сунуштайм..." деп айтылат Байтерековдун кайрылуусунда.

Анын пикиринде, бул демилгени ишке ашыруу менен дүйнө коомчулугуна "улуу «Манас» эпосубузду жана Манас атабызды даңазалайт, экинчиден Манас атабыздын бирдиктүү образын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алабыз". (RK)

XS
SM
MD
LG