Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

АКШда украин хакерлери акча уурдоого шектелүүдө


АКШнын фондулук трейдерлер тобу жана украин хакерлери корпоративдик маалыматтарды уурдоо менен 100 миллион долларды өздөрүнө ыйгарып алган деп айыпталууда. АКШнын Юстиция министрлиги 9 кишиге айып такты. Алардын төртөө Украинанын жарандары экени белгилүү болду. Алар “инсайдерлик соода” алкагындагы кирешени компьютердик системалардын жардамы менен будамайлоо аркылуу уурдашкан. Marketwired, PR Newswire жана Business Wire системалары аркылуу ири компанияларга жасалма маалымат жөнөтүп, натыйжада 100 миллион долларды өздөрүнүн эсебине өткөрүп алышкан.

Окуяга шектүү АКШнын жарандары кармалган, Украинанын жарандарына эл аралык издөө жарыяланды.

АКШда 2010-жылы да так ушундай эле кылмыш катталган эле. Ал кезде 150 миң баалуу маалыматы бар документтерди хакерлер уурдап кетишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG