Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Кытайда жарылуудан набыт кеткендердин саны өсүүдө


"Синьхуа" агенттигинин маалымдашынча, 12-августта Кытайдын чыгышындагы Тяньцзинь өндүрүштүк аймагында эки жолу болгон жарылуудан 17 киши өлүп, 400дөн ашууну жаракат алган. Жергиликтүү бейтапкананын дарыгерлери жаракат алып кайрылган оорулуулардын денесине темирдин сыныктары, таш кирип кеткенин айтышууда.

Жергиликтүү агенттиктер алгачкы катуу жарылуу түнкү 11:30 ченде болгонун жазышты, жарылуунун толкуну бир нече чакырымга чейин байкалган. Жарым мүнөткө жетпей экинчи жарылуу болгон. Окуя болгон жерге 100дөн ашуун өрт өчүрүүчү команда жиберилген. Азырынча жарылуунун себептери расмий айтыла элек, бирок мамлекеттик China Central Television (ССTV) телеканалы шаардык портто жардыргыч заттар жана күйүүчү майлар менен турган жүк жарылган деп билдирди. Интернетке коюлган видеотасмаларда жарылуу жанар тоодой атылып, жалыны ондогон метрге чейин көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

Тяньцзинь шаары Кытайдын борбору Бээжинден 96 чакырым аралыкта жайгашкан. Өлкөдөгү эң ири өндүрүшчү-порт шаар болуп эсептелет, калкынын саны 15 млн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG