Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Кыргызстандык жаштардын өкүлдөрү БУУга кайрылат


Кыргызстандын жаш активисттер тобу 13-августта БУУ түзүмдөрү боюнча туруктуу өкүлдүн милдетин аткаруучу Юкио Мокуо менен жолугушат. Алар “Кыргызстандык жаштардын үнү” өнөктүгүндө чогултулган карточкаларды БУУ өкүлүнө тапшырышат. Ал карточкада жаштардын сунуштары менен талаптарына, демилгелерине өкмөттөн, эл аралык уюмдардан көңүл буруу зарылдыгы жазылган. Кайрылууну БУУ Башкы Ассамблеясынын быйыл сентябрда өтө турган 70-сессиясында кароо белгиленген.

Жыйын бүгүн түштөн кийин Бишкектеги БУУ үйүндө өтөрүн уюштуруучулар кабарлашты. Юкио Мокуо ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткарат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG