Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Ленин чокусунда испаниялык альпинист каза тапты


Ленин чокусу. Чоң-Алай району.

Ленин чокусу. Чоң-Алай району.

Чоң Алайдагы Ленин чокусунда каза болгон испаниялык альпинисттин сөөгүн Куралдуу күчтөрдүн абадан коргоо экипажы алып түштү. Анын менен кошо дагы алты саякатчы Оштогу ооруканага жеткирилгенин “Азаттыкка” Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады. Куткаруу иштери 12-августта жүргүзүлгөн. Алдын-ала маалыматтарга караганда, каза тапкан альпинисттин жүрөгү кармаган. Алар чокуга барчу асканын боорунда чатырда болушкан.

Альпинисттерди Ленин чокусунан алып түшүү август айында ушуну менен төртүнчү ирет болууда. Буга чейин Франциянын, Орусиянын жана Польшанын жарандары куткарылган.

Ленин чокусунун бийиктиги 7134 метр. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG