Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Премьер өткөрмө пункттардагы абалды текшерүүнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев экономика министри Олег Панкратовго кыргыз-казак чегинде ачылган өткөрмө пунктарындагы абалды текшерип чыгууну тапшырды. Ага ылайык, Экономика министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Мамлекеттик Бажы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте Чүй, Талас облустарындагы Казакстан менен чектеш аймактарда текшерүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан ЕАЭБге толук мүчө болуп киргендигине байланыштуу 12-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG