Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

Имамдар соцтүйүн сабактарына катышууда


«Ыйман» фонду Чүй облусундагы имамдар үчүн семинар уюштуруп, анда негизинен заманбап технологияга басым жасалууда. Фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, атайын адистер имамдарга социалдык түйүндү өздөштүрүүнү жана интернет технологияларынын артыкчылыгы туурасында сабактарды өтүүдө.

- Соңку убакта террорчулук жана экстремизмге үндөө интернет булактарында басымдуу болуп жатканына байланыштуу, терс чакырыктарга туруштук берүүдө имамдардын заманбап технологияларга тааныштыгын күчөтүү зарыл болуп турат - деди Кадырбеков.

Семинардын жүрүшүндө дин кызматкерлерине социалдык түйүндөрдө өздүк баракчаларды ачып берүү, имамдарды бириктирген атайын топторду түзүп бири-бири менен тыгыз байланышта туруусу каралууда.

Мындан башка имамдарга тил маданияты, убакытты туура пайдалануу, өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү боюнча адистер сабак өтүшөт. 17-августтан баштап семинар Ош облусунда башталат. Дин кызматкерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу эки жумага созулуп, соңунда алар тийиштүү сертификаттарга ээ болушмакчы.(SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG