Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Борбор азиялык жаштар оркестри Кыргызстанда концерт коёт


Борбор азиялык жаштар оркестринин концерттери Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында 15-24-август күндөрү өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, топко италиялык дирижер Жерардо Колелла башчылык кылат. Концертте дүйнөлүк шедевр саналган Моцарт, Россини, Бетховендин чыгармалары аткарылат.

Борбор азиялык жаштар оркестрин 2012-жылы Европа биримдигинин колдоосунда Италиядагы Cesvi уюму Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге түзгөн. Курамында Борбор Азия мамлекеттериндеги 30 жашка чейинки таланттуу артисттер бар. Алар 2013- жылы чөлкөмдөгү бүт аймакка турне уюштурушкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG