Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

“ИМ” тобу химиялык курал колдонушу ыктымал деп шектелүүдө


АКШ бийликтери “ИМ” тобунун согушкерлери химиялык курал колдонгонун текшерүүгө киришти. Буга чейин Германиянын коргоо министрлиги “ИМ” тобунун чабуулунан кийин күрт аскерлеринин дем алуусу начарлаганын кабарлаган. АКШ коргоо министрлигинин өкүлү согушкерлер “горчица газы” деп аталган ууландыруучу газ колдонуусу ыктымалдыгын билдиргенин Би-Би-Си жазып чыкты. Учурда АКШ бийликтери бул маалыматты иликтеп жатышат.

Маалым болгондой, “горчица газы” аталган химиялык уулуу зат, тери жарасын пайда кылат, көздү ачыштырып, көрбөй калуусуна алып келет, дем алууну начарлатат. Оор учурларда өпкө жабыркап, 3-4 күндөн кийин киши дем ала албай өлүмгө дуушар болот.

XS
SM
MD
LG