Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

“Атактуулардан арзан сатып ал” кайрымдуулук иш-чарасы башталууда


14-августта Бишкекте “Атактуулардан арзан сатып ал” аттуу эки күндүк кайрымдуулук иш-чарасы башталат.

“Вефа” соода борборунда болуучу иш-чараны “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук уюму уюштурууда.

Демилгечилерден “Азаттыкка” кабарлашкандай, 14-15-августта аталган соода борборунда шоу-бизнес жаатында таанымал инсандар 70% чейин арзандатылган буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди сатышат.

Түшкөн акча жетим балдарды мектепке даярдоого, мектеп формасын, окуу куралдарын сатып берүүгө жумшалмакчы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG