Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Муфтият: Ош казыятында мыйзамдуу текшерүү жүрүп жатат


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош облустук казыятында эки күндөн бери жүрүп жаткан текшерүү мыйзамдуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Муфтияттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүчүлөрдүн арасында дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясы менен дин комиссиясынын өкүлдөрү бар. Алар облус казысы Ниязали Ариповдун арызынын негизинде барышкан. Тагыраак айтканда, казы аймактагы казылардын ордуларына сынак жарыяланганына байланыштуу текшерүү жүргүзүүнү суранган. Кайрылуунун негизинде казыяттын чарбалык бөлүмүнүн иши менен таанышууга адистер жиберилген.

Мурдараак Ниязали Арипов казыятты белгисиз кишилер текшерүүгө алып жатканын айткан. Көзөмөл жүргүзүүгө келгендер “Азаттыктын” кабарчысына да өздөрүн тааныштыруудан баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG