Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

АКШ генералы: "Ислам мамлекети" Ооганстанга коркунуч жаратууда


"Ислам мамлекети" уюмунун баскынчылыгынан качкан жарандар. Ирак

"Ислам мамлекети" уюмунун баскынчылыгынан качкан жарандар. Ирак

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери Ооганстанда чакан чабуулдарды уюштурууда жана келечекте бул чоң коркунучка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШ армясынын генералы Вильсон Шоффрен билдирди.

Петагон өкүлүнүн айтымында, Сирия менен Иракта бир канча жерди басып алган “Ислам мамлекети” уюму Ооганстанда бир эле мезгилде бир канча операция баштоого али алсыз.

“Биз ИМдин аракеттери бир канча өскөнүн байкап отурабыз, бирок алар Сирия менен Ирактагыдай операция жүргүзө тургандай абалда эмес деди ” Вильсон Шоффрен.

Анын айтканына карганда, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери азыр Ооганстандын кээ бир жерлеринде “Талибандын” көзөмөлүндөгү аймактарга басып кирүүү үчүн ушул уюмдун мүчөлөрү менен кагылышууларга барып жатат. Ал бул нерсе Ооганстандын тынчтыгына коркунуч жаратып, эки ортодо карапайым эл зыян тартарын айтты.

“Бул Ооганстандын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу маселе. Бул жагдайда биз ооган өкмөтүнө жардам берүүгө милдеттүүбүз” деди АКШ генералы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG