Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Ош шаарында жети кошумча шайлоо участкасы ачылат


Күзгү парламенттик шайлоого карата Ош шаарында кошумча жети шайлоо участкасы ачылат. Бул тууралуу бүгүн шаардык мэриянын коллегия жыйынында мэр Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтуусунда, Ош шаарында каттоосу жок жашаган ички мигранттар арбын. Аларды шайлоого катыштыруу үчүн кошумча шайлоо участкаларын ачуу зарыл.

Учурда калаада 73 шайлоо участкасы бар. Шайлоо 4-октябрда өтөт. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG