Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Пакистан мектептеги жардыруу боюнча 6 кишини өлүм жазасына өкүм кылды


Былтыр декабрда куралчан топ окуу жайга кол салганда 134 бала каза болгон.
Былтыр декабрда куралчан топ окуу жайга кол салганда 134 бала каза болгон.

Пакистанда аскердик жабык трибунал Пешавар шаарынын мектебиндеги кыргынга тиешеси бар 6 кишини өлүм жазасына өкүм кылды. Өткөн жылдын декабрында куралчан топ окуу жайга кол салганда 134 бала каза болгон.

Соттолгондор терактты ишке ашырган алты согушкерге көмөктөшкөн деп айыпталды. Алардын бардыгы күнөөсүн моюнга алышты. Январь айында өлкө парламенти согушкерлердин иштери аскердик сотто каралсын деген жобону кабыл алган. Өткөн жумада болсо Жогорку Сот жабык аскердик соттор мыйзамдуу жана карапайым кишилерди өлүм жазасына өкүм кыла алат деген бүтүм чыгарган. Пакистан көп жылдардан бери талиптердин кол салууларынан, жамаат аралык зордук-зомбулуктан жапа чегип келатат.

XS
SM
MD
LG