Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Сирия оппозициясынын лидери: Москва Асадга “жармашпайт”


Сирия коалициясынын президенти Халид Хожо

Сирия коалициясынын президенти Халид Хожо

Сирия коалициясынын президенти Халид Хожонун айтымында, Башар Асаддын президент болуп кала беришин Москва жактабайт. Бул тууралуу ал бүгүн Москвада маалымдады. Ал кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. “Орусиянын жетекчилиги Асадга жармашпайт” жана Сириянын бүтүндүгүн сактоону, анын жок болуп кетүүсүн токтотууну колдоого даяр" деди Хожо Москвада.

Эксперттердин айтымында, Халид Хожонун сөзү Москванын Дамаскка карата турумунун өзгөргөнүнүн белгисиби же Сирия чатагында Москванын колдоосун алууга болгон аракетпи, азырынча белгисиз.

Москва төрт жылдан бери созулуп жаткан Сирия жаңжалында Башар Асаддын башкы жактоочусу катары белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG