Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Украина чыгышында дайынсыз жоголгондордун саны 846 адамды түздү


Укриананын чыгышындагы уруштарда мерт кеткен 57 белгисиз жоокерди жерге берип жаткан учур. 7-август, 2015-жыл
Укриананын чыгышындагы уруштарда мерт кеткен 57 белгисиз жоокерди жерге берип жаткан учур. 7-август, 2015-жыл

Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынын башчысынын кеңешчиси Юрий Тандит билдирди.

“2852 адам аскердик кызматтан бошотулду, дагы 172 киши барымтада. Ал эми жоголгондордун саны 846 деп эсептеп жатабыз” деди Тандит.

Буга чейин Юрий Тандит барымтадагы адамдардын ичинен 30 киши украин аскерлери экенин, алар Орусиянын аймагында туткунда кармалып турганын маалымдаган. Орусия тарап буга карата пикир билдире элек.

Былтыр уруш башталган апрель айынан бери Украинанын чыгышында 6500дөн ашык адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG