Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Өкмөт башчы Жогорку Нарын каскадынын курулушу менен таанышты


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу менен таанышып жүрөт. Ишкананын башкы инженери Иван Наидко өкмөт башчыга курулуш тууралуу жалпы маалымат берип, андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жумушчулар менен жолугушуу өттү. Бул жыйын жабык өттү.

Каскадды курууга каражатты орус өкмөтү берет деп макулдашылган. Бирок учурда бул долбоордун ишке ашуусу пландалгандай жүрбөй жатат.

Орусиялык инвестор, “Русгидро” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, техникалык-экономикалык негиздеме боюнча курулушка 3030 гектар жер бөлүү каралган. Ушул тапта анын ичинен 555 гектары гана берилди. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG