Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АКШда өзбек жараны ИМ менен байланышы бар экенин моюнуна алды


АКШда 25 жаштагы өзбекстандык жаран Абдурасул Журабоев "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү экенин моюнуна алды. Прокурорлордун айтымында, ал бир жыл мурда Интернетке президент Барак Обаманы өлтүрүү же Кони-Айленддеги курорттордун биринде жардыруу уюштуруу туралуу жазган. Эгер сотто күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга эркинен ажырайт. Журабоев быйыл февралда Бруклиндеги үйүнөн колго түшүрүлгөн. Полициянын маалыматына караганда, ал март айында Түркияга учуп кетмек.

ИМ тобуна катыштыгы бар деп андан тышкары Акмал Закиров, Дилхайот Касимов, Аброр Хабибов жана Ахрор Сайдахметов соттолууда.

Булардын ичинен Ахрор Сайдахметов казакстандык, калганы өзбекстандыктар. (RK)

XS
SM
MD
LG