Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

“Ар-Намыс” партиясынан шайлоого катышуучулар аныкталды


Аталган партия бүгүн Бишкекте өткөн курултайында шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмегин тактап, БШКга өткөрүп бермей болду. Ошентип, “Ар-Намыс” партиясынын көч башын лидери Фелик Кулов баштап, экинчи орунга Нурсултан Белеков жайгашты. Партиянын төрага орун басары Эмил Алиев 9-катарда турса, Кубатбек Байболов алдыңкы ондукка илинди.

Жакында эле бул партияга кошулган батышчыл көз караштагы саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановго тизмеде 17-18-орундар берилди.

Феликс Кулов партиянын тизмегинде олуттуу өзгөрүүлөр болуп, жаштарга көбүрөөк орун берилип жатканын маалымдады.

Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар талапкерлердин тизмесин БШКга 20-августка чейин өткөрүп бериши кажет. Мыйзамга ылайык, тизмеде жаштар жана башка улуттун өкүлдөрүнө 15 пайыздан кем эмес орун берилет. Мындан башка бир жыныстагы талапкерлер 70 пайыздан ашпашы шарт. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG