Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

"Ата-Мекен" шайлоо алдындагы багытын аныктоодо


Биз радикализмдин бардык түрүнө каршыбыз деп билдирди бүгүн "Ата-Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы республикалык курултайында сүйлөп жатып лидер Өмүрбек Текебаев. "Бирок дин саясатта курал катары эмес, айрым мамлекеттик маселелерди чечүүчү ролду аткарышы керек. Ал үчүн салттуу исламды жайылтуу кажет" деди партия жетекчиси.

"Ата-Мекендин" курултайы Улуттук филармонияда өтүүдө.

Ага катышкан мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттү жетектеп турганда саясий колдоо болбогондуктан реформаларды аягына чыгара албай калганын билдирди.

Ал эми мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы зал катуу кол чабуулар менен тосуп алды. Салянова өз сөзүндө азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүдө саясий эрки жетишсиз болуп жатканын айтты.

Ушул саатка карата делегаттар алдында Өмүрбек Текебаев, Жоомарт Оторбаев, Аида Саляновадан тышкары​ Садык Шер-Нияз, Наталья Никитенко, Мелис Мырзакматовдун атынан "Улуттар Биримдиги" партиясынын жетекчи орун басары Бейшенбек Болотбеков жана Каныбек Иманалиев сөз сүйлөштү.(UEz)

XS
SM
MD
LG