Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок


Гарвард университети, АКШ
Гарвард университети, АКШ

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

АКШнын мамлекет тарабынан каржыланган бир нече багыттагы программалары бар. Анын башында мектеп окуучуларынын бир жылдык билим алуусу турат. Мунун негизинде АКШдагы мектептер англис тили боюнча билимин тереңдетип, ал жактагы үй-бүлөлөрдө бир жыл жашап келишет. Окуучулардын болгон чыгымын АКШ өкмөтү көтөрөт. Программанын башкы шарты талапкер англис тилин жакшы билип, Кыргызстандагы мамлекеттик мектептердин биринде окушу керек. Сынак эки этаптан туруп, биринчисинде талапкерлердин Америкага барып окуусуна байланышкан англис тилиндеги дил баяндардын конкурсу жана экинчи этабы оозеки сынактан турат. FLEX деп аталган программа тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси, Рэй Нэйлер “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биринчиси - орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары үчүн FLEX программасы деп аталат. Ага Евразиядагы бардык окуучулар катышат. Америкада окуучулар ыктыярчы үй-бүлөлөрдө жашайт. 2014-жылы биз бул программанын алкагында 98 бүтүрүүчү чыгардык. Кеткен чыгымдын баарын АКШ мамлекети төлөйт. Негизи кыргызстандык окуучуларга 65 орун берилген. Бирок бул санды көбөйттүк. Анткени ага катышкысы келгендердин саны аябай көп болду.

Бул программа 1993-жылдан бери 1255 орто мектеп окуучусун АКШда окутту. Келечектин лидерлерин окутуу деп аталат.

Талаптар

Мындан тышкары жогорку билим жана илимий изилдөөчү программалар педагогикалык башкаруу, англис тилин окутуу, менежмент, компьютердик инженерия сыяктуу бир нече багытта жарыяланып турат. Мындан тышкары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттери үчүн глобалдык жогорку билим берүү программасы бар. Ага тапшыргандар бир же эки семестр Америкада акысыз билим алып келе алышат. Жогорку билим алууну каалагандардын жаш өзгөчөлүгү тууралуу сураганыбызды Нэйлер мырза АКШда билим үчүн жаш маанилүү эмес дейт:

- Америкада окугусу келгендер үчүн эч кандай жаш өзгөчөлүк каралбайт. Маселен, "Фулбрайт" программасына 100гө чыккан деле адам катыша берет. АКШда окугусу келгендердин жаш өзгөчөлүгүн карабайбыз деле.

Америкада окугусу келгендер үчүн талаптардын башында англис тилин мыкты билип, өз оюн англисче жакшы туюнта билүү турат. Ошондой эле университетте окугусу келгендер жана илимий ишин улантууну каалагандардын академиялык билим деңгээли мыкты болууга тийиш. Талаптар тууралуу Нэйлер мырза буларды айтты:

- Талаптардын эң биринчиси англис тилин мыкты билип, жалпы билим берүү программасын да жогорку деңгээлде өздөштүрүү керек. Ошондой эле кайра Кыргызстанга кайтканда коомго пайдалуу иш кылуу максаты болуусу зарыл. Бизде ошондой эле илимий кызматкерлерге багытталган "Фулбрайт" программабыз 1945-жылдан бери иштейт. Кыргызстандан 2000-жылдардан тарта бул программа боюнча 150дөн ашуун илимпоз АКШга барып келишти. Бир же эки жылдык магистратуралар да ушул программанын алкагында жарыяланат.

Мындан тышкары дагы кошумча маалымат алып, керектүү анкеталарды толтуруп, программаларга жазылуу үчүн Американын Кыргызстандагы элчилигинин интернет барагынан да толук маалымат алууга болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG