Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Штайнмайер Украинадагы кырдаал өтө кооптуу экенин айтты


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинадагы абалды “өтө кооптуу” деп атады. Немис башкы дипломатынын айтымында, жаңжалдын кайра күч алышын сүйлөшүү аркылуу гана алдын алса болот.

-Тараптар сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтпаса, куралдуу эскалация кайрадан башталышы мүмкүн, – деди Штайнмайер германиялык Bild am Sonntag гезитиндеги интервьюда.

Министр орусиялык жана украиналык расмий өкүлдөр менен кездешкенде Киев менен орусиячыл жикчилдердин ЕККУ кызматкерлери менен жолугушуусун өткөрүү сунушун киргизгенин айтты.

Февралда Минскте ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканы менен жаңжалга кириптер тараптар бири-бирин аны бузуп жаткандыгы үчүн айыпташууда.

Былтыр апрелде тутанган куралдуу жаңжал Украинанын чыгышында 6,5 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG