Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Коалиция ИМ тобуна каршы абадан 22 ирет сокку урду


АКШ жана анын өнөктөштөрүнөн түзүлгөн коалиция акыркы бир суткада аталган топтун Ирак жана Сириядагы турумдарына 22 ирет абадан чабуул койду. Ирактагы 15 жолку сокку өкмөт менен кызматташтыкта ишке ашырылды. Негизинен согушкерлер ээлеп алган имараттарды, алардын аскерий буюмдарын бутага алышты.

Сириянын Хасаки аймагында экстремисттердин буктурмасы жок кылынды. Соккулар Алеппо жана Кобани шаарларындагы турумдарга да урулду. (SE)

XS
SM
MD
LG