Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Дамаскта ракета соккуларынан жай тургундар набыт кетти


Сириянын өкмөттүк армиясы Дамасктын жанындагы базарга ракеталардан сокку урганда 90го чукул киши набыт кетип, кеминде 200 адам жарадар болду. Өлкөдөгү кырдаалга байкоо салган Лондондогу укук коргоочу уюм билдиргендей, Башар Асаддын өкмөтүнө баш ийген күчтөр козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына 16-августта 10 жолу абадан чабуул койду. Серепчилер өлгөндөрдүн көбү жайкын тургундар экенин белгилеп жатышат. Биринчи ракета атылган кезде базарда соода кызуу жүрүп жаткан болчу.

Беш жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш Сирияда 250 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды, жарадар болгондор миллионду чамалайт. Жүз миңдеген киши башка өлкөгө качканга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG