Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Бүгүн КСДПнын республикалык курултайы өтөт


Бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын республикалык курултайы өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын өкүлдөрү кабарлашты. Анын жыйынтыгында күздө боло турган парламенттик шайлоого карата КСДПнын тизмесиндеги талапкерлер тандалып, жарыяланат.

Шайлоого катышканы жаткан бардык партиялар ушул күндөрү өз курултайларын өткөрүүдө. 15-16-августта “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Ар-Намыс” жана “Республика-Ата Журт” партияларынын жыйындары болду. Жер-жерлерден келген делегаттар шайлоого карата программаны аныктап, талапкерлердин тизмелерин бекитишти. Шайлоого барууга арыз берген башка партиялар 20-августка чейин курултайга чогулуп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага катышууга 30дан ашуун партия аттанган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG