Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 05:32

Жети-Өгүздө суу ташкын коркунучу жоюлду


Аба ырайынын кескин ысыганына байланыштуу тоолордогу мөңгүлөр эрип, Жети-Өгүз суусунун дэңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада Жети-Өгүз айылдык аймагына караштуу Чырак айылындагы дамбанын айрым жерлерин суу агызып кеткен.

Элдин турак-жайына жана эгин талааларына зыян келтирбеш үчүн ӨКМ тарабынан атайын алдын-алуу иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Чырак айылындагы турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жок. Аймактагы кырдаал Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жана райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда быйыл күн катуу ысып, аба ырайынын эң көп ысыган учуру 45-48% чейин жеткен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG