Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Орусия жана Иран аскерий-техникалык алаканы өнүктүрүүнү талкуулашты


Орусиянын С-300 ракета комплескси.

Орусиянын С-300 ракета комплескси.

Москва Тегеранга каршы эл аралык санкция токтотулса, Иран менен аскерий-техникалык кызматташууну өнүктүрүүнү пландоодо. Мындай билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада ирандык коллегасы Мухаммад Зариф менен бүгүн болгон жолугушуудан соң жасады. Зариф болсо Иран жана алты держава арасындагы ядролук келишимге токтолуп: “Вена келишими эки өлкө арасындагы өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөт. Биз жакшы мамиледебиз, келишим бардык тармактарда, анын ичинде экономикада жана коргонуу жаатында кызматташууга оң таасир этет”-деди.

Орусиянын маалымат каражаттары Сергей Лавров жана Мухаммад Зариф С-300 ракета системасы менен Иранды камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жана Иранда жаңы АЭС курууну талкуулашкан. Андан тышкары Сириядагы жарандык согушту дипломаттык жол менен чечүү боюнча орток демилге да талкууланган. Бул план президент Башар Асадды бийликте калтырууга чакыргандыктан, АКШ, Евробиримдик, Персбулуңундагы араб өлкөлөрү жана Сириянын байистүү оппозициясы ага каршы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG