Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Дүйшөмбү Москвадан жети жаранды экстрадициялоону суранды


Умарали Куватов (солдо), арткы планда аны өлтүргөн адамдардын сүрөтү. 26-март 2015

Умарали Куватов (солдо), арткы планда аны өлтүргөн адамдардын сүрөтү. 26-март 2015

Тажикстан өлкөдө тыюу салынган “Группа 24” уюмунун мүчөсү деп шектелген жети адамды өткөрүп берүүнү сурап, Москвага кайрылды. Алдагы жетөө расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен камакка алынган болчу, деп билдирди Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы “Азаттык” радиосуна.

Акыркы айларда Орусияда “Группа 24” тобунун 10 мүчөсү кармалган. Алардын үчөө Дүйшөмбүгө экстрадицияланып, мыйзамсыз уюмдун мүчөсү катары узак мөөнөткө абакка кесилген. Топтун түптөөчүсү Умарали Куватов быйыл мартта Түркияда атып өлтүрүлгөн. Президент Рахмондун чет өлкөдө жашаган оппоненттери тажик өкмөтүн Куватовду өлтүрүүгө катыштыгы бар деп сындашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG