Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Мырзакматовдун адвокаттары сотко катышуудан баш тартышты


Алар апелляциялык арыз Конституциялык палатага жазылганын негиз кылып, шаар сотунун өкүмү мыйзамдуулугу жок дегенде Жогорку Сотто каралууга тийиш экендигин айтышты. Натыйжада адвокаттар сот жараянын таштап, залдан чыгып кетишти. Учурда соттук териштирүү Мырзакматовдун адвокаттарынын катышуусуз жүрүп жатат деп билдирди аймактагы кабарчыбыз.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду Ош шаардык соту 22-июлда сыртынан жети жылга кесип, мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Мырзакматовдун адвокаттары жана жакындары ал соттук териштирүү жашыруун өткөрүлдү деп белгилеп, анын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылышкан.

Учурда иш каралып жаткан облустук соттун сыртында 500гө чамалуу милиция кызматкери, 200гө чамалуу Мырзакматовдун тарапкерлери турушат. (YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG