Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Токмоктогу жатак үйлөргө гумжардам таратылат


Токмок шаарындагы психоневрологиялык жатак үйлөргө бүгүн эл аралык уюмдар тарабынан берилген гуманитардык азыктар жана буюмдар таратылат. Жардамды Кызыл жарым ай коому менен АКШнын LDS Cherooke уюму берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Актан Балбаков билдирди.

Буга чейин Чүй жана Жалал-Абад облусундагы атайын мекемелерге ушундай жардамдар берилген.

Жалпысынан Кыргызстанда Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу 16 атайын жатак үйлөр бар. Алардын төртөө балдар үчүн, жетөө карылар жана майыптар үчүн, калганы психоневрологиялык ооруга чалдыккандарга ылайыкташкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG