Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Сариев шайлоого камынган аткаминерлерге кызматты тапшырууну сунуштады


Премьер-министр Темир Сариев шайлоого камынган аткаминерлерге кызматтан кетүүнү сунуштады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чара шайлоого аттангандардын баарына бирдей шарт түзүү үчүн зарыл. Сариев бул жол үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарарын билдирди.

Мыйзам боюнча, талапкер катары катталган мамлекеттик кызматкерлер шайлоо жыйынтыгы аныкталганга чейин жумуштан кетиши керек.

Шайлоого байланыштуу өкмөт башчынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалай Масабиров жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев өз арызы менен кызматтан кетишти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG