Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Кыргыз аскерлери Казакстандагы эл аралык сынакка катышууда


Жамбыл облусундагы “Отар” деп аталган аскер базасында 17-август күнү “Шериктештик жоокерлери” аттуу эл аралык сынак башталды. Казакстандын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, ага Кыргызстан, Армения, Тажикстан, Беларус, Орусия жана Казакстандын аскерлери катышууда. 20-августка чейин улана турган сынакта жоокерлер түрдүү кырдаалдарга карата ыкчам даярдык, спорт менен машыгуу жана курал колдонуудагы чеберчилик боюнча күч сынашат.

“Шериктештик жоокерлери” сынагы буга чейин Беларуста жана Орусияда өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG