Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

19-августка аба ырайы


19-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Ылдамдыгы 1-6 метрге жеткен керимсел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүзү 32…37 градус ысык болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүзү 23…28 градуска чейин көтөрүлөт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүзү 31…36 градус ысыйт.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түн ичинде 15…20, күндүз 32…37 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 17…22, күндүзү 32…37 градус ысыйт.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүзү 24…29 градус ысык болот.

Нарында түнкүсүн 11…16, күндүзү 28…33 градус ысык болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүзү 10…15 градус жылуу болот.

19-августта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Түнкүсүн абанын температурасы 20…22 градус жылуу, күндүзгү температурасы 35…37 градус ысык болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG