Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

25 жылда 13,5 миң гектар сугат айдоо аянты турак-жай курууга берилген


1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын 33 районундагы 13 478 гектар айдоо аянты турак-жай курууга берилип кеткен. Анын ичинен 11 784 гектары сугат жерлер. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, учурда бул аралыктагы трансформацияланып кеткен айыл чарба жерлери мыйзамдаштырылып, элдүү пункттарга айландырууну өкмөт сунуштоодо.

2009-жылы 31-июлда айыл чарба жерлерин турак-жай тургузууга трансформациялоого чектөө киргизилген. Мораторий учурунда өзүм билемдик менен мындай жерлерге тургузулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу тууралуу азырынча сөз жок.

Кыргызстанда жалпысынан 1,2 млн. гектар айдоо аянты бар. Анын ичинде 798 миң гектары сугат жер. Учурда бул көрсөткүчтүн ичинен дагы канча гектар айдоо аянты өзүм билемдик менен турак-жай салууга сатылып кеткени иликтенүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG