Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Парламенттик шайлоого каршы митинг өтөт


“Таза оппозициялык кыймыл” деп аталаган уюм 19-августта Ак үй алдында парламенттик шайлоого каршы митинг өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Назарбек Нышанов “Азаттыкка” маалымдады.

Уюмдун ырасташынча, күздө өтчү шайлоодо элдин укугу бузулууда. Себеби, шайлоо мызамдарында жалаң акчалуулар гана талапкер болууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды элди мажбурлоо менен менен тапшыртып, жарандардын жеке коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатышат. Шайлоочулардын конституциялык укугу тебеленип жатат.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 34 саясий партия билдиришкен. 20-августка чейин алар жалпы республикалык курултайларын өткөрүп, 120 адамдан турган талапкерлер тизмесин БШКга тапшырууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG