Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Таиланддын бийликтери жардыруунун жоопкерлерин табууну убада кылууда


Бангкокдун жардыруу болгон бөлүгү. 17-август, 2015-жыл.

Бангкокдун жардыруу болгон бөлүгү. 17-август, 2015-жыл.

Бул тууралуу бүгүн теледен сүйлөгөн учурунда премьер-министр Прают Чан Оча айтып чыкты:

-Бизде мамлекетти талкалоону көздөгөн жеке адамдар, топтор бар. Талкалоо саясий жүйөдөн, туризмге, экономикага сокку уруу максатында же башка себептерден улам да болушу мүмкүн. Өкмөт күнөлүүлөрдү таап, мындай бузуку аракеттерге аралашкан кандай түйүн болбосун жоопкерчиликке тартуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт.

Таиланддын борбору Бангкокдун туристтер көп жүргөн борбордук бөлүгүндө кечээ кечиндеги жарылуудан кеминде 22 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Полиция бүгүн жардыруу үчүн шектүүнүн видео камерага тартылып калган сүрөтүн жарыялады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG