Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Чычкан капчыгайындагы өрт жайылып кетүү коркунучунда турат


Чычкан капчыгайындагы өрткө байланыштуу 18-август күнү кечки саат 10до Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн башчылары, структуралык жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун акиминин катышуусунда онлайн режиминде шашылыш жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Ага катышкан Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов абал оорлоп бараткандыгын, өрт башка тараптарга да жайылып кетүү коркунучу бар экендигин маалымдады. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Азамат Мамбетов өрттү кол менен гана өчүрүүгө туура келип, ага эч кандай техника пайдалануу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Буга байланыштуу кошумча Таш-Көмүр шаарынан 10 куткаруучуну, Жалал-Абаддан 15 өрт өчүрүүчүнү, Бишкек шаарынан 40 өрт өчүрүүчүнү, Талас облусунан 20 өрт өчүрүүчүнү, министрликтин башка структуралык жана аймактык бөлүмдөрүнөн 100дөн ашык кызматкерлерди, жалпысынан 200дөн ашык адамды өрт өчүрүү үчүн тартуу зарылдыгы айтылды. Эртең менен саат 5те жогорудагы айтылган кошумча күчтөр Токтогулга карай жолго чыкмакчы. Министр Боронов эгер абал мындан да оорлоп, зарылчылык болсо, тик учактарды да пайдалануу керектигин билдирди.

Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августа башталган. Аны өчүрүүгө буга чейин ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү, куткаруучулары жана аскер кызматкерлери тартылган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG