Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Сирияда жараланган кыргызстандык жоочу өзүнө келди


“Ал-Кайида” террордук тобунун Сириядагы канаты - “Жабхат ан-Нусра” тобундагы кыргызстандык бир жоочу АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусуна кабылган соң, оор жаракат алып, комага түшкөн эле.

“Жабхат ан-Нусранын” маалымат каражаты – “Ак Минарет” 18-августта “Кыргызстандык Али” деген ат менен белгилүү жоочу жана көзгө атар эсине келгенин жазды. “Ак Минарет” өзүнүн “В Контакте” социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу маалымдагандай, АКШнын учкучсуз башкарылчу учагынын ракеталык соккусунан улам кыргызстандык жоочу бутунан айрылган болчу.

Бирок америкалык дрондун (аралыктан башкарылчу учактын) бул жоочуну бутага алган соккусу качан жана кайерде жасалганы, “кыргызстандык Али” делген жоочу Сириянын өзүндө же башка жерде дарыланып жатканы тууралуу так маалымат айтылбады.

Расмий кабарларга караганда, Кыргызстандан Сирияга кеткендердин жалпы саны 350гө жетет.

XS
SM
MD
LG