Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

БШК: Мелис Мырзакматов шайлоого катыша албайт


Оштун мурдагы мэри, “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп аттанган Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, облустук соттун чечими чыккан күндөн күчүнө кирет жана Мелис Мырзакматов соттолгон адам болуп саналат. Мыйзам боюнча соттолгон адам шайлоого катыша албайт. “Ата Мекен” Мырзакматов тизмеден чыкпайт, партия айткан сөзүнөн өмүрү кайткан эмес деп билдирүү таратты.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. 17-августта Ош облустук соту Мелис Мырзакматов боюнча шаардык соттун өкүмүн карап, аны өзгөртүүсүз калтырган. Мырзакматов жана анын жактоочулары сот саясий буйруктун негизинде мыйзамсыз чечим чыгарганын айтып келет.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG